Казакстанда бир сутка ичинде коронавирус илдетин жаңы 403 учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандар жалпы 8322 адамга жетти. Алардын 4212си оорудан айыкса, 35 бейтап каза болгон.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 190дой өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 5 311 624 бейтапты түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн