Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда пневмониянын көбөйүшү коронавируска байланыштуу болушу ыктымал, – ДССУ

12.07.2020 12:34
915
Казакстанда пневмониянын көбөйүшү коронавируска байланыштуу болушу ыктымал, – ДССУ



Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун программасынын башчысы Майкл Райан жума күнү кечинде Женевадагы брифингде Казакстандагы пневмониянын көп катталышы туура эмес диагноздолгон коронавирустун бир формасы болушу мүмкүн экенин айтты.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен ооругандардын көбөйүшү бул версияны далилдейт, деп кошумчалады Райан.


Ал ошондой эле ДССУ Казакстандын бийликтери менен иштешип, бул учурлар коронавирус инфекциясына дал келерин түшүнүш үчүн пневмониясы бар бейтаптардын рентген-сүрөттөрүн изилдеп жатканын билдирди. ДССУ пневмониянын очогу – COVID-19 вирусунун кесепети деген пикирде болгону менен, уюмдун эксперттери башка версияларды дагы карап чыгууга даяр экенин белгиледи Райан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн