Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанда саясий абал курчуду. Актауга 2 аскердик учагы конду

04.01.2022 09:44
2830
Казакстанда саясий абал курчуду. Актауга 2 аскердик учагы конду

Казакстандын Мангыстау облусунда митинг 3 күндөн бери токтоосуз уланып жатат. Аталган облустун борбору Актау шаарына эки аскердик учак конгонун АКИпресс агенттиги КазТАГ басылмасына таянып жазды.


Маалыматка ылайык, Жанаөзен  шаарына дагы аскердик күчтөр тартылууда.

Мындан сырткары, Алматы шаарында да митингдерге жол бербөө максатында аскердик күчтөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.


Митингге чыккандар өкмөттүн отставкасын талап кылышууда. Окуяга президент Касым-Жомарт Токаев аралашкандан кийин өкмөт газга болгон баага айрым арзандатуулар болорун билдирген. Бирок митингчилер эми  газга болгон бааны канчалык арзандатпасын тарабай турганын билдиришип, өкмөттүн отставкасын талап кылып, митингдердин уланарын белгилешүүдө.


Эскерте кетсек, 2-январдан бери Казакстанда күйүүчү газга болгон баанын өсүшүнө байланыштуу массалык митинг башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн