Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 19:12
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке алып келинди

30.12.2024 09:24
409
Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке алып келинди


Казакстандын Актау шаарындагы авиакырсыктан жабыркаган 3 жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды алып келе жатканучак Бишкек шаарынын "Манас" эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де терс окуясыз конду.

"Алар тез жардам аркылуу Бишкектеги улуттук ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-декабрда J2-8243 номерлүү Баку – Грозный каттамын аткарып бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын 16 жараны болуп, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 32 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн