Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Казакстандагы баш аламандык учурунда Кыргызстандан барган аскерлерге маянасы жакында төлөнүп берилет

10.05.2022 14:21
668
Казакстандагы баш аламандык учурунда Кыргызстандан барган аскерлерге маянасы жакында төлөнүп берилет

Казакстандагы Январь окуялары учурунда тынчтык орнотуучу катары жөнөтүлгөн кыргызстандык аскерлерге тийиштүү маянасы жакын арада төлөнүп берилет. Бул тууралуу 10-майда  президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттык" үналгысына  билдирди.


Буга чейин "Азаттыкка" аталган аскерлер тиешелүү маянасын ала албай жатканын айтып кайрылган.


Эске салсак, жыл башында Казакстандагы массалык башаламандыктар учурунда Кыргызстандан ЖККУнун алкагында 150 аскер Алматыдагы ЖЭБди коргоо үчүн киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн