Учтун айы 19, 2022
Убакыт: 12:50
USD
84.80
84.95
EUR
96.30
96.70
RUB
1.100
1.110

Казакстандагы кырдаал: Садыр Жапаров Токаев, Путин жана Пашиниян менен сүйлөштү

06.01.2022 10:44
525
Казакстандагы кырдаал: Садыр Жапаров Токаев, Путин жана Пашиниян менен сүйлөштү

Кечээ кечинде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчылары Казакстандагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн