Казакстандан Кыргызстанга малдын ич эттери мыйзамсыз жол менен ташылып келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айцыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттер Ветеринардык кызматтын "Ак-Жол" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган. Ташылып келе жаткан малдын ич этинин жалпы салмагы 1050 кг өлчөмүндө болгон.
Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн