Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Казакстандан Кыргызстанга бангизат ташуучу канал жок кылынды

Казакстандан Кыргызстанга бангизат ташуучу канал жок кылынды

КР Ички иштер министрлигинин бангизатты мыйзамсыз айлантууга каршы кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бангизатты мыйзамсыз айлантуунун кезектеги фактысы аныкталып, бир топ жактар кармалды.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылы марттын башында кызматкерлер бангизатты ташуу жана сатууга шектүү адамды кармашкан.

Анын унаасын текшерүүдө Казакстандын жараны болгон жүргүнчүгө тиешелүү 115 грамм гашиш табылып, алынган. Такталган маалыматтар боюнча, 49 жаштагы жаран Казакстандан Кыргызстанга бангизат ташуу менен алектенген.

Мындан тышкары, Чүй облусунун аймагында тергөө-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө бангизат сатуу учурунда шериги 31 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу кармалган.

КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (бангизат сатуу) боюнча сотко чейнки өндүрүш жүзөгө ашырылып жатат. Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Аталган кылмышка катыштыгы бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-изилдөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн