Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды

10.01.2024 17:30
299
Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды


Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" постунда Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагына ташып кирүүдө карантиндик-фитосанитардык талаптарды бузуу менен ташылып келе жаткан жүк Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аныкталган.

Текшерүүдө фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен, фитосанитардык сертифкат жараксыз деп таанылып, жүк кайра артка кайтарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн