Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Казакстандын борбор калаасы кайрадан Астана деп аталмай болду

18.09.2022 09:24
1052
Казакстандын борбор калаасы кайрадан Астана деп аталмай болду


Казакстандын борбор калаасы кайрадан Астана деп аталмай болду. Президент Касым-Жомарт Токаев Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жарлыгына кол койгонун Sputnik Казакстан жазды.

Сентябрь айынын башында "Жана Казахстан" депутаттык тобу борбор шаарга мурунку Астана аталышын кайтарууну демилгелеп чыккан.

"Көзү тирүү кишинин атын шаарга ыйгарууну туура эмес деп эсептейбиз, анын үстүнө аталышты эл да кабыл алган жок", — дешкен депутаттар.

Ачык маалыматтарда бул борбор калаа аталышынын алтынчы ирет өзгөрүшү. 1830-жылы казак конушу катары түптөлгөн жер Акмолинск деп аталган. 1961-жылы Целиноград деген аталыш ыйгарылган. 1992-1998-жылдары Акмола деп аталса, 1997-жылы президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен борбор калаа Алматыдан Акмолага көчүрүлүп, 1998-жылы Астана деп аталган. Ал эми 2019-жылы шаар Нур-Султан деп атала баштаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн