Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Манас» Эл аралык аэропортунда президент Касым-Жомарт Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн