Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанга баңгизат ташып алып өткөн жаран кармалды

Казакстанга баңгизат ташып алып өткөн жаран кармалды

Чүй облусунда 2020-жылдын сентябрь айында эки жаран кармалып, алардан жалпы салмагы ооган тектүү 10 кг гашиш баңгизаты табылып алынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңги затын Талас облусунда Казакстандын К.Е.Б. аттуу жараны Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип, сатууну көздөгөнү аныкталган.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-августта “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда К.Е.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн