Теке 27, 2025
Убакыт: 13:32
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Кажы-Сай менен Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчылары 14-августта шайланат

28.07.2020 11:41
947
Кажы-Сай менен Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчылары 14-августта шайланат

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Кажы-Сай, Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.


БШК басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 11-июнундагы №37 буйругу менен Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Кутуев Памир Абыкаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.


Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 16-июлундагы №302-б буйругу менен Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Бакытбек Дамирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.


БШК жыйынында Кажы-Сай менен Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2020-жылдын 14-августуна дайындоо жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды.


Тоӊ жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КР мыйзамдарына ылайык, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сактоо менен – 1,5-2 метр аралыкты камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоону уюштуруу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн