Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 20:06
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салынды

17.01.2025 12:37
31
Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салынды


Күн мурун Нарындын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн абалын текшеришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан "Медер Ютком" туристтерди тосуучу мейманкана ээсине өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелери, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоону түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгы, резина калдыктары калбагандыгы, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендиги аныкталган. Комиссия мүчөлөрү Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салып, толук көзөмөлгө алынарын чечишти.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү интернет булактарында муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабастан, унаа айдаган видео тараган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн