Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында экс-депутат Жаныбек Абиров кесиптештерине кайрылуу жасап, акыркы окуядан кийин депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин билдирди.
Ал бардык депутаттарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жаныбек Абировго: "Сиз парламенттеги эң активдүү депутаттардын бири боло алдыңыз.
Өзүңүз айткандай абийир алдында жана кийинки муунга үлгү болуу үчүн мандатыңызды тапшырдыңыз.
Сиздин келечегиңиз алдыда. Ийгилик каалайм",- деди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн