Бул туурасында Владимир Путин “Россия 1” телеканалынын ”Россия. Кремль. Путин” фильми үчүн берген интервьюсунда билдирди. Айтымында, Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр кабыл алынса, жаңы мөөнөткө президент болуу үчүн талапкерлигин көрсөтүүсү мүмкүн.
“Мен өзүм үчүн эч нерсе чече элекмин. Мындай ниетимди жокко да чыгарбайм. Дагы көрө жатарбыз”, - деген Путин чиновниктерди ага мураскор издебей эле коюуга чакырды.
Эске салсак Россияда Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү 1-июлда өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн