Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кемедеги кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган

18.02.2020 11:08
596
Кемедеги кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган


Япониянын портторунун биринде токтоп турган «Diamond Princess» кемесинде коронавирус жуктургандардын бири Кыргызстандын жараны. Бул маалыматты аталган кеменин оператору 16-февралда тастыктаган.


Маалыматта айтылгандай, вирусту жаңыдан жуктуруп алган 67 адамдын 27си Япониянын, 17си Филиппиндин, бешөөсү Австралиянын атуулдары. Ал эми АКШнын 5, Канада менен Кытайдын 3, Германия, Гонконг, Кыргызстан, Индия жана Тайвандын бирден жарандары да аталган дартка кабылганы аныкталган. Кыргызстандын расмий органдары бул боюнча азырынча маалымат бере элек.


Буга чейин Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырып жүргөн круиздик кеменин 3700дөй жүргүнчүсүнүн кеминде 218инде өпкөнү сезгенткен коронавирус аныкталган эле. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн