Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кеминде 2 жаштагы бала поезд алдында калып, каза тапты

28.04.2021 16:18
911
Кеминде 2 жаштагы бала поезд алдында калып, каза тапты


Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында 2 жаштагы бала поезд астында калып, чарчап калды. Окуяны айыл өкмөттөн дагы тастыкташты. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


Кырсык кечээ, 27-апрелде саат 18:15те болгон. Поезд Ысык-Көлдөн Чүйдү көздөй келе жаткан.


Айыл тургундарынын айтымында, 2 жаштагы бала атасын издеп, темир жолго чыгып отурган. Ошол маалда поезддин алдында калган.


«Атасы жумуштап бир жакка кеткен экен. Бала атасын издеп, темир жолго чыгыптыр. Машинист көзүнө күн тийип, баланы байкабай калыптыр. Жол четинде отурган экен. Кеч байкап калыптыр. Ооруканага экспертизага алып барышкан. Ал жактан жүлүнү үзүлүп кеткени белгилүү болгон. Бул үй-бүлөнүн 4 баласы бар болчу. Булар темир жолдон 4 үй бери жакта жашашат. Бала атасын дайыма ээрчип жүрчү экен. Окуяны бир киши көрүптүр. Ал жетишпей калыптыр. Бир жолу сигнал берди деп айтты», - деп билдиришти алар.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн