Чүй облусунун Кемин районунда катталган жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу АКИпресс маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 26-августка караган түнү болгон. Анда Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа менен MAN жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы беш адам каза болгон. Жеңил унаа каршы тилкеге чыгып кетип, MAN жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу учурда ооруканада. Каза болгон жарандардын бардыгы Кемин районунун тургундары болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн