Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кеминде күн электр станциясын курууга 124 гектар жер бөлүндү

23.10.2023 10:59
318
Кеминде күн электр станциясын курууга 124 гектар жер бөлүндү


Чүйдүн Кемин районунда күн электр станциясын курууга 124 гектар жер бөлүндү. Өкмөттүн тийиштүү токтому "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланган.


"Чүй облусундагы Кемин районунун А.Дүйшеев айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо)" токтомуна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.


Ага ылайык, райондун Дүйшеев айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер трансформацияланды.


Мындан улам Кемин районунун администрациясына жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын суммасынын ордун толтуруу, жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участогун баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүү тапшырмалары берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн