Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 21:24
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
0.995
1.045

Кеминде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке алынды

12.03.2025 15:43
20
Кеминде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке алынды


Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.


Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.


2004-жылы аталган объект Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Ч.А.Т.нын жакын тууганы тарабынан жеке менчикке менчиктештирилген.


Көрүлгөн чаралардын негизинде Кемин шаарындагы Жаштык кичи району дарегинде жайгашкан 0,40 гектар аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды.


Ошону менен бирге Кемин шаардык мэриясына аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесин реконструкциялоо жана куруу маселесин тез арада Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын кароосуна алып чыгуу сунушталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн