Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кеминде суу каналы жарылып, үйлөрдү суу каптады

14.04.2022 17:29
393
Кеминде суу каналы жарылып, үйлөрдү суу каптады

Чүйдө суу каналы жарылып, турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кыраалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын түштүк тарабынан 20 м3 суу таш аралаш агып келип, каналга батпай, каналдын бетону сынып кеткен.


Каналдан ташыган суу Ударник айылынын Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн короо жайын суу каптаган. Учурда куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу толгон эки үйдүн короо жайларын сордуруп иш-чарасын жүргүзүп бүттү, ошондой эле көчөгө кум шагыл ташы төшөлдү.


Табигый кырсыктын кесепетин жоюп, алдын алуу максатында 2 жүктөгүч, 1 Хово, 1 эксковатор тартылып, суунун нугун буруп токтотушту.


Азыркы учурда Кемин районунун акими, Кемин райондук ӨКБнүн башчысы өздүк курамы, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн