Кеминде үрөй учурган жол кырсыгынан 4 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
22-июль күнү саат 21:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында (Нур айылы) Хонда Степвагон менен Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Жерине Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылып, каза болгондун жансыз денесин жана жабыркаганды унаадан чыгарышып тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын абалдары оор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн