Бишкек СИЗО-1де камакта жаткан Кемпир-Абад иши менен айыпталуучулар ачкачылык жарыялоону көздөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунда өткөн отурумда камакка алынган саясатчылар жана активисттер билдиришти.
Алар прокуратура, тергөөчүлөр иш материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей, алардын укуктарын одоно бузуп жатканына макул эмес.
Натыйжада бул иш боюнча сот 5-сентябрга жылдырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн