Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 17:22
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды

04.10.2023 16:29
257
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды


4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, 4-декабрга чейин узартылды. Кийинки соттук отурум 11-октябрга белгиленди. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.

"Биз эми шаардык сотко аппеляция менен кайрылабыз", - деди Турдалиев.

Бүгүнкү соттук отурумга абактагы айыпталуучулардын баары, 11 киши алып келинген эмес.

Алардын жактоочуларынын билдиришинче, судья аларды сот жараяны аяктаганга чейин процесстен четтеткен. Жактоочулар судьянын бул чечими мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Мындан улам судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, бул өтүнүч канааттандырылган жок.

Сот абактагы айыптоочулардын процесстен четтетилгени тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн