Бештин айы 03, 2024
Убакыт: 23:28
USD
86.65
87.15
EUR
90.70
91.70
RUB
0.810
0.870

Кепилдик фонду Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташат

04.09.2024 09:52
866
Кепилдик фонду Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташат


"Кепилдик фонд" ААК менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда ишкердик субъекттери колдоо жаатында кызматташуу жөнүндө келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.

Келишимге ылайык, тараптар күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда, кепилдик менен кредит берүү аркылуу ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

Документке “Кепилдик фонд” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Алмаз Мамбетов кол коюшту.

Келишимге кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар кызматташуу эки каржы институтуна тең өлкөнүн бизнесин колдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарына ишенимин билдиришти. Алардын негизги багыттары – биринчи кезекте экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкерлер.

Бүгүнкү күндө "Кепилдик фонд" ААКтын 25 өнөктөшүнүн арасында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге: 3 микрофинансылык компания, 1 микрокредиттик компания, 18 банк, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн