Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кербен — Таш-Көмүр унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, күйүп кеткен

Кербен — Таш-Көмүр унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, күйүп кеткен


Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен — Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, өрттөнүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Окуя кечээ, 23-август күнү, түшкө маал болгон.


"Унаа ичиндеги 8 куб дизели менен кошо күйгөн. Жалын жол боюндагы тоого жармашып, 15 гектар куураган чөп күйдү. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 18:07де толук өчүрүлдү. Жаракат алгандар жок", — деп айтылат маалыматта.


Ал эми кырсыктын күбөлөрү мындан улам Ала-Бука районуна бараткан трасса үч сааттан ашык жабык турганын кабарлады. Унаадагы дизель жолго төгүлгөн, өрттөнгөн тоодо Өзбекстандын чек арасы болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн