Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кербен шаарындагы аэропорт август айында ишке берилет

12.06.2023 12:38
538
Кербен шаарындагы аэропорт август айында ишке берилет


Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы аэропорт август айында толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Акуналы Досалиев парламентте билдирди.


Учурда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети жыйын өткөрүп жатат. Депутаттар аэропортту оңдоо иштери кайсы этапта экенин сурап, ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев барып келгенин эске салышты.


"Аэробекет боюнча иш жүрүп жатат. 36 миллион сом бөлүнгөн. Стандартка туура келбегени үчүн учуп-конуучу тилке узартылууда. 1-1,5 айга жетпей объект бүтөт", — деди Досалиев.


Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жыл башында ички каттамдар жанданарын айткан. Ал "Каракол" аэропорту быйыл июнда ишке берилери менен "Нарын", "Казарман", "Кербен", "Талас" аэропорттору оңдоодон өтөрүн билдирген болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн