Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

«Керемет Банктын» акцияларын Улуттук банктан министрлер кабинети сатып алат. Мыйзамга кол коюлду

02.03.2024 10:24
594
«Керемет Банктын» акцияларын Улуттук банктан министрлер кабинети сатып алат. Мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров Садыр “КР Улуттук банкынан “Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин КР министрлер кабинетинин сатып алуусу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы – КР Улуттук банкынын кызыкчылыктарынын каршы келип калышына жол бербөө үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда КР министрлер кабинети (мындан ары – министрлер кабинети) КР Финансы министрлиги (мындан ары – Финансы министрлиги) аркылуу «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун (мындан ары – «Керемет Банк» ААК) жөнөкөй энчилүү акцияларынын жалпы санынын 97,45 пайызын түзгөн 84 770 588 (сексен төрт миллион жети жүз жетимиш миң беш жүз сексен сегиз) даана сандагы, «Керемет Банк» ААКынын Улуттук банкка таандык жөнөкөй энчилүү акцияларынын пакетин сатып алары каралган.

Министрлер кабинети сатып алуучу акциялардын пакетинин баасы рыноктук нарк катары аныкталат жана 7 126 432 000 (жети млрд бир жүз жыйырма алты млн төрт жүз отуз эки миң) сомду түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн