Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кычкылтек концентраторун алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен адам кармалды

29.07.2020 11:07
1111
Кычкылтек концентраторун алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен адам кармалды

 

Кычкылтек концентраторун алып келип берем деп жарандарды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне, Бишкек шаарынын Улан кичирайонунун тургуну 1987-жылы туулган И.Э. арыз менен кайрылган, анда ушул эле күнү Бишкек шаарынын Разакова көчөсүндөгү үйүдүн жанынан бейтааныш Максат аттуу жаран, алдамчылык жол менен ишеничке кирип кычкылтек концентратын 300 АКШ долларына алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып качып кеткен.


Бул окуя 13-июль күнү 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган. 28-июль күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну 1997-жылы туулган О.М. кармалган.


“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыштан тышкаары мамлекетте пандемия учурунда ооруга чалдыккан, муктаж кычкылтек концентратына болгон дагы 5 жаранды алдамчылык жол менен ишеничке кирип кычкылтек концентратын» акчасын алып качып кеткендиги аныкталган”,  - деп айтылат маалыматта.


Азыркы учурд ага карата 98-берененин негизинде Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн