Украинанын борбору Киев шаары бүгүн, 25-февралда орус аскерлерине каршы күрөшүү үчүн даярданууда. Бул тууралуу шаар мери Виталий Кличко билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 18 миңден ашык адамга курал берген. Алардын арасында мурдагы президент Пётр Порошенко да бар.
Кличконун маалыматына караганда, орус аскерлерине каршы күрөшүү үчүн киевдиктер болгон күчүн жасайт.
Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги Киев шаары батыш тарабынан курчоого алынганын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн