Бугу 12, 2024
Убакыт: 02:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Киевде көп кабаттуу үй урап, 125 киши турак жайсыз калды

22.06.2020 17:10
1042
Киевде көп кабаттуу үй урап, 125 киши турак жайсыз калды


Украинанын Киев шаарында көп кабаттуу үйдүн бир секциясы урап, 125 киши турак жайсыз калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады. 


Маалыматка караганда, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, анын бир нече кабаты урап калган. Куткаруучулар 23 кишини көчүрүп, 3 адамды урандынын астынан алып чыккан. Кийинчерээк дагы үч киши каза тапкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, газ же болбосо жарылуучу зат коюлган деп эки багытта тергөө жүрүүдө.


Кырсыктан турак жайсыз калгандардын айрымдары туугандарынын үйүнө, калгандары интернатка жаткырылган. Жакынкы аралыкта аларга мамлекет тарабынан үй сатып алууга компенсация төлөнүп берилери айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн