Бугу 22, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кылмыш иши козголду. Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү ишинде кандай кылмыш болгон?

10.09.2021 10:32
1057
Кылмыш иши козголду. Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү ишинде кандай кылмыш болгон?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоору боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу "Клооп" агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, кылмыш иши көрктөндүрүү иштери боюнча жарыяланган тендерге байланыштуу козголгон. Анткен менен атайын кызматтан шектүүлөр тууралуу кошумча маалыматты «тергөөнүн кызыкчылыгына» байланыштуу берүүдөн баш тартышты.


«Азыркы учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн