Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кылмышты каттоодон баш тарткан ИИМ кызматкерлерине иш козголду

23.03.2023 12:50
260
Кылмышты каттоодон баш тарткан ИИМ кызматкерлерине иш козголду

Баткен райондук прокуратурасы жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкерлерине иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Өткөн жылдын 23-августунда белгисиз адамдар Баткен шаарындагы «Мазза» кафесине кирип, садака кутучадагы 5 400 сомду, муздаткычтагы суусундуктарды уурдап кетишкен.


Баткен милициясына кафени ижарага алып иштеткен М.А. аттуу жаран чалып, кылмыш жасалганын кабарлаган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү үчүн келген тергөө тобунун кызматкерлери жарандын арызын кабыл алуудан баш тартышып, кылмышты бирдиктүү реестрге каттабай коюшкан.


Бул факты боюнча Баткен райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу) менен иш козгогон. Тергөөнүн жыйынтыгында М.Ө., Ы.А. жана Ы.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине айыптары угузулуп, соттун кароосуна жиберилген.


Ошондой эле Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкери Н.Б.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен ага айыбы угузулуп, иши соттун кароосуна жиберилген.


Бул багытта облустук прокуратура тарабынан укук коргоо органдары менен жигердүү иштер жүргүзүлүп, ишеним телефонуна жарандардан түшкөн ар бир билдирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн