Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кымбат Иманбекова сыяктуу кадрларды кадырлаш керек

30.11.2020 09:24
2203
Кымбат Иманбекова сыяктуу кадрларды кадырлаш керек


Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүсү күн өткөн сайын жакшырып баратканын моюнга алышыбыз керек. Жаман дей берген жарабайт. Өлкө санариптештирүүгө багыт алып, мындай жаңычылдыкты катыра пайдаланып, кыныгын алып, элге ак дилден кызмат көрсөткөн жетекчилер аз эмес.


Биз белгилеп коё турган ошондой бир кадр бар. Ал Мамлекеттик каттоо кызматына караган Калкты тейлөө борборунун жетекчиси Иманбекова Кымбат Акимжановна. Кымбат Акимжановна көп жылдан бери ушул тармакта үзүрлүү иштеп, далай адамды документтүү кылып, элге ак дилден кызмат өтөп келет. Учурда Бишкектеги “Аю гранд” соода борборунда жайгашкан борбордо жетекчи катары карапайым калкка ыңгайлуу шарттарды түзүп, жамааты менен ынтымактуу иштеп жатат. Далай жолу бул жайга барганда "директормун" деп кабинетине отуруп албай, элге аралашып, кол астында иштегендерге туура багыт берип жүргөнүн байкайбыз. Коллективи менен да камыр-жумур болуп иштеп, чыныгы жетекчинин үлгүсүн көрсөтүп келгенине көзүбүз жетти. Башкаларга үлгү боло турган, кыргыздан чыккан чыныгы лидер айымдардын сапаттарына ээ, азыркынын Жаңыл Мырзасы Кымбат Акимжанова сыяктуу кымбат кадрларды кадырлаш керек.  

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Рыскулов Жыргалбек
Толугу менен колдойм. Кымбат Акимжановна элге ак дили менен кызмат кылган жетекчи, ар бир Калкты тейлөө борборуна кайрылган адамга талыкпай жардам көрсөткөн кызматкер.
Саяк
ЦОНдун кыздары менен таанышам!
Бакыт
Аябай сулуу экен бул эже. Кайсы жерде иштейт?
Таа
Баары жакшы болот буйруса!
Нурзада
Кыйын эже чынында. Ишине ийгиликтерди каалайбыз.