Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кимдин дене табы көтөрүлсө, аны коронавирус катары кабыл алуу керек, - пульмонолог

20.07.2020 11:44
1265
Кимдин дене табы көтөрүлсө, аны коронавирус катары кабыл алуу керек, - пульмонолог


Кимдин дене табы көтөрүлсө, дарттын белгилери болсо оорунун булагы болот. Аларды коронавирус менен ооруган адамдай кабыл алуу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.


Анын айтымында, коронавирус чакырган пневмонияны дарылоонун клиникалык жолдору жок үчүн аны ооруканадан сырткарткы пневмония деп атаган.


"Бүгүнк күндө коронавирустан улам пайда болгон пневмонияны дарылоодо атайын ыкма жок. Коронавирус менен пневмониянын өз ара окшоштугу бар. Коронавирус бул SARS-CoV-2 чакырган өтө кооптуу вирус. Аны көзөмөлдөө өтө кыйын, ал пневмонияны гана чакырбай, иммундук клеткаларды жаратып, иммунитетке, жүрөккө, бөйрөккө жана баш мээге таасирин тийгизет. Бул вирус өзү менен кошо бир нече ооруну козгоп, организм көтөрө албай калат.

 

Биз баарыбыз инфекциянын булагы ооруган адам болорун билишибиз керек. Ооруган кишиден дени сак адамга жугат. Коронавирус тездик менен жуккан илдет. Кимдин дене табы көтөрүлсө, белгилери болсо оорунун булагы болот. Аларды коронавирус менен ооруган адамдай кабыл алуу керек. Себеби азыркы учурда сасык тумоо жана курч респиратордук синдром жок. Азыркы учур бул инфекциялардын мезгили эмес. Андыктан оорунун белгилери пайда болгондо бейтапканаг кайрылбай, аралыктан дарыгери менен байланышып, көрсөтмө алуусу жана үйдө өзүнчө обочолонуусу керек", - деди Талант Сооронбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн