Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргыз Футбол Союзу Саламаттыкты сактоо министрлигине 10 миң ПЦР-тест тапшырды

19.11.2020 09:56
491
Кыргыз Футбол Союзу Саламаттыкты сактоо министрлигине 10 миң ПЦР-тест тапшырды

Кыргыз футбол оюзу коронавирус илдети менен күрөшүү максатында Саламаттыкты сактоо министрлигине 10 миң ПЦР-тест системдерин тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 


Кыргыз футбол союзу бул ПЦР-тесттерди Бириккен Араб Эмирлигинин футбол ассоциациясынын көмөгү менен алган. Кыргыз футболчулары ар бир адамдын ден соолугу маанилүү экенин жана медиктердин ооруга күрөшүүсүнө ийгилик каалаган.


Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрилиги көрсөтүлгөн жардам өтө маанилүү экенин жана футболчулардын мындай оор кырдаалдагы жардамына ыраазычылыгын билдирген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн