Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 16:49
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда, - министрлик

13.12.2024 16:26
530
Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда, - министрлик


Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.


Ал Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында баяндама жасады. Министр учурда өлкөдө төрт өнүктүрүү фонду иш алып барып жатканын эске салды.


Алар:

- Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду — 500 миллион доллар уставдык капиталы менен түзүлгөн (3,5 миң долбоор ишке ашырган);

- Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду — 50 миллион доллар (200 миллион долларга жеткирүү тапшырылган, 19 долбоор ишке ашты);

- Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду — 16 миллион доллар (50 миллион долларга чейин көбөйтүлөт);

- Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду — 25 миллион доллар.


Ошондой эле министр бир катар инвестициялык уюмдар аркылуу каражат тартуу боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи.


"100 миллион доллар капиталы бар Кыргыз-Эмират холдинг компаниясын түзүү, Жибек Жолу фондунан (Кытай) бир миллиард юань тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, 550 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду ишке киргени турат. Биз тараптан 70 миллион доллар үлүшүбүздү кошобуз. Жыл соңуна чейин беш миллион доллар которобуз. Мындан тышкары, Иран, перс өлкөлөрү менен эки тараптуу фонддорду түзүү максатталууда", — деди Амангелдиев.


Жыйында депутат Айбек Маткеримов өнүктүрүү фонддордон ишкерлер акча ала албай жатканын айтып, алардын иши боюнча маалымат берүүнү өтүндү.


Амангелдиев фонддор ири долбоорлорду жана банктарды каржыларын айтып, чакан жана орто бизнес ошол банктар аркылуу каржыланарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн