1-июль күнү саат 20:42де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн