Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды

Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды



Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Б.Н. Ельцин» (КРСУ) атындагы - Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча КР Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады.

 Министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларына мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

 Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россия Федерациясынын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнуп келет.

 Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган. 

 Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги «А.Г.М.» жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы «Л.Т.М.».


КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн