Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз бийлиги кызмат талашып жатса, Өзбекстан жерибизди тосуп алды (ВИДЕО)

01.12.2020 21:45
1037
Кыргыз бийлиги кызмат талашып жатса, Өзбекстан жерибизди тосуп алды (ВИДЕО)


Кыргыз бийлиги кызмат талашып жатса, Өзбекстан Кыргызстан жерине кирип тосуп баштаган. Бул тууралуу Facebook колдонуучусу Кунболот Момоконов баракчасы аркылуу чек арадагы видеону жүктөгөн.


Видеодон Кыргызстандын жери болгон жолду кошуп, беш метрдей кыргыз тарапка кирип,  өзбек чек арачылары жерди тосуп жатканын көрүүгө болот.


"Бүтпөс чек ара чыры. Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп жатышат дейт жашоочулар. Бийлик тараптан кандай реакция болуп жатат? 

Жакында жардам беришти эле же жаагыбыз жап болобу? 

Жакырлыгыбыз күн санап күчөп, итке сөөк ыргыткандай жардам беришип, бирок минтип билгизбей жерибизден керте берсе эмнебиз калат? 

Ойлонолу, жакырлык акыры жардам алуудан дагы жалтак кыла турган болду. А биз кайдагы саясат, бийлик талашмай менен алекпиз. Азыр биз 30 жылда ойлонулбаган ойду, кылбаган ынтымакты, жасабаган реформаны кылып, ачылбаган коррупцияны ача турган учур болчу! 

Мекен үчүн эмес, бийлик үчүн арыбызды, алыбызды карабаган, кадрды эмес кадырыбызды караган эл экенибизди көргөзүп жатабыз. Пиарщиктер менен жулунган "иттердин" эле заманы болуп калыптыр", - деп билдирүү калтырган.


Бул тасма боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар чара көрөт деп ишенебиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн