Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз эли - коррупция менен күрөшкөн эмес, ууруларга уча тарткан шордуу эл

10.02.2021 15:19
689
Кыргыз эли - коррупция менен күрөшкөн эмес, ууруларга уча тарткан шордуу эл

Көңүлүм канап, ыйлагым келди... Али үкам кеңеш сурайт: "Коррупцияны бирге жеңебиз" дегеним туурабы же "Коррупцияны чогу жеңебиз" дегеним туурабы дейт. Кеп бул жерде кандай лозунгду колдонууда эмес. Кеп, биздин эл коррупцияны биргеликте, чогуу жеңүүгө али даяр эмес шордуу калк экендигинде!!! Бизде качан эле коррупционерлерге каршы чогулган, бириккен күч чыкты. Тескерисинче ууруларды, коррупционерлерди төргө чыгарып, уча тартып, сый көрсөткөн акмак эл экенибиз жалганбы?! 


Али Токтакуновдун коррупцияга каршы аракетин колдогонго да жарабай отуруп бердик. Ушул жигиттин мээнети, аракети жаңы бийликтин да көз жаздымында калды. Эл да баалабады, бийлик да баалабады! Кайра Раим миллиондун тегерегиндеги табакташтары бүгүнкү бийликтин ишенимдүү командасы болуп отурат. Анан ушундай коомдо, ушундай эл менен БИРГЕ же ЧОГУУ коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?! Андыктан "Коррупцияны жеңебиз!" деген азчылыктын атынан эле күрөш жүргүз дедим аргам жок. Бирок ушул кеңешимди айтып атып, жүрөгүм таарылды, көзүмдөн жаш кылгырды! Көрсө менде элге болгон ишеним өчүптүр. Эл менен БИРГЕ, эл менен ЧОГУУ коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү мүмкүн эмес бизде. Мындай караңгы, мындай түркөй, мындай шордуу элди уурулар, кылмышкерлер, коррупционерлер, зэктер гана башкарууга татыктуубу деген ой келет аргасыз!!! 


Али сыяктуу жаштар болсо дале элге ишеним артып, эл менен БИРГЕ, эл менен ЧОГУУ АДИЛЕТТИКТИ издегенине кантип ыйлагың келбейт! Биз эл катары да, улут катары да жетиле элекпиз, биз жеткен оома, ак-караны, жакшы-жаманды ажыратпаган гана эки аяктуу жаныбарбыз, Али үкам! Капа болбо! Башыңды канжыгага байлап, өмүрүңдү тобокелге салып койгон сендей эр көкүрөк жаштарыбызга элдин элдей касиети, жарыгы, шарапаты болсо кана! Жусуп Абдырахмановдун КҮНДӨЛҮГҮНДӨГҮ чыркыраган чындык бүгүн да кыргыз коомун аралап жүрөт. Кыргыз эли азыр да ууруларга уча тартып, кошомат кылып, көтүн жалап, эл ырыскысын тоногондордун алдында жоргосу чыккан, чыгырыктай чимирилген аңкоо. Сен бул элге ишенип коррупцияны БИРГЕ же ЧОГУУ болуу менен жеңебиз деп ойлобо эч! Коррупцияны сендей абийирдүү азчылык чөйрө гана жеңбесе, бийликтегилер да, эл да ууруларга эбак чөгөлөп берген!!! 


Сендей каркыбар үкама кайышпас кайрат тилегенден башка жардам жок менден да. Мен да кайышып отурам... Тажадым!!! Сен ишенген эл эбак куруп бүтүп калганын унутпа... Эл - оома, эл - мээ кайык, эл - ээрчиме. Ушуну унутпа! Биздин эл кимдерди гана ээрчип келбеди. Бүгүн да өтө опурталдуу бир авантюристи пайгамбарга теңеп отурган элден эмнени күткүң бар эй, үкам!!! Мынчалык баёо болуп, мынчалык ишене бербе кыргызга!!!


Олжобай Шакир

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн