Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 18:58
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Кыргыз эли кийинки жолу Артём Новиковду президент кылып шайлайбы?

02.02.2021 11:54
659
Кыргыз эли кийинки жолу Артём Новиковду президент кылып шайлайбы?


Премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткан Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Мариповду кыргыз коомчулугу анча жылуу кабыл албай жатат. Социалдык тармактарда анын көп жылдан бери мурдагы бийликтер менен кызматташып, чоң кызматтарда иштеп, ошол эле учурда көзгө көрүнө турган иш жасабаганын сынга алууда.


Ошол эле учурда социалдык тармактарда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиковго жан тарткандар басымдуу болууда. “Новиковду калтырыш керек”, “Садыр Жапаров Артёмго ишеним артыңыз” деген сыктуу посттор тынымсыз жазылууда.


Чынында Новиков кыска аралыкта өкмөттү башкарып өзүнүн жакшы жагын көрсөтө алды. Бажы, чек ара, салык кызматтарындагы коррупцияны жоюуга катуу аракет кылып, өлкөнү түрө кыдырып, бир катар токтоп калган ишканалардын жанданышына салымын кошту. Ошол эле 5-6-октябрдагы окуялардан кийин таланып-тонолуп токтоп калган Ала-Бука, Чаткалдагы алтын кендеринин ишин жөнгө сала алды. Кыргызча аралаштырып сүйлөп, ак калпак кийип, карапайым эл менен аралашып иштегени көпчүлүктүн купулуна толду. Бул чындык.


Ошентсе да Новиков жаңы өкмөттүн курамында кала берет жана биринчи вице-премьер-министрлик жумушун улантат. Бул тууралуу акыркы маалыматтарда айтылууда. Эмнеси болсо да кыска аралыкта кыргыз элинин колдоосуна ээ болгон “орус жигиттин” келечеги алдыда. Кыргыз эли айкөлдүккө салып кийинки президент кылып Новиковду шайлап жибербейби? 


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн