Ири держава саналган СССР ыдырап, анын «шинелинен» жаңыдан гана көз карандысыз болуп бөлүнүп чыккан Кыргызстандын абалы 30 жыл ичинде оңолуп кете албады. Биз менен эле бирдей убакытта көз карандысыздыкка жетишкен кошуна мамлекеттердин алды дүркүрөп өнүккөн жаңы борбор калаа курууга жетишсе, арты жок эле дегенде совет доорундагы деңгээлин сактап келатат. А Кыргызстанчы?..
Иштеп жаткан, даяр завод-фабрикаларды эбак темир-тезекке айландырып Кытайга сатып, жаңы олигархтарды эле пайда кылып алганыбыз болбосо, мамлекеттин экономикалык абалы ыйлагыңды келтирет. Экономикалык абалдын чабалдыгы менен кошо билимсиздик, сабатсыздык, беймаанисиздик, маданиятсыздык, тартипсиздик, караңгылык каптап алды. Саясый айдыңды бир убактагы бийик деңгээлинен жерге көтөрүп чаап, каалаган адам тебелей бере турган, чаңы ызгыган топурак жолго айлантып алдык.
Азыркы тапта элге акыл үйрөтүп, кайсы бир тармакка кандай реформа жасаш керек экенин айтып жаткандар кимдер экенин караңыздарчы. «Мектепке окуучулар сумка көтөрбөй барсын», «үй тапшырма бербегиле» деген «реформалар» менен билим берүү тармагын оңдой алабызбы? Эмнеге биз ушундай бакырчаак, кыйкырчаактардан коркуп жашап калдык? Эмнеге анын жеткен билимсиз жана маданиятсыз, алтургай акылсыз экенин бетине айтып, «Сен жөн эле кетмен чаап, отун жарып оокат кыл» деп айта албайбыз? Эмнеге кайра арыз-муңубузду ошондой популисттерге айтабыз?
«Э» тамгасы менен «е» тамгасынын айырмасын билбеген «баатырларыбыз» «Мен китеп жазып жатам» деп жүрөт. Анан дагы ошолор депутат, министр болгусу келет. Андайлар Чым-Коргонго барып дарыланышы керек экенин билип туруп деле, ар кандай ток-шоуларга конок катары чакырып, жаштарга аларды үлгү кылганды токтотпой койдук.
Айтор, саясий айдыңды да, маданият айдыңын да ушундай уят-сыйытын жыйыштырып койгондор каалагандай булгап жүрөт. Кой-ай деген эч ким жок. «Мунуң уят, сен 1-класстын окуучусу эмессиң да, чоң эле кишисиң, кийин уулуң, кызың чоңойгондо ушул менин атам болчу» деп кантип теңтуштарына айтат?» деп эч ким уяткарбайт. Ансайын булар өздөрүн азыркы күндүн акылмандары, залкарлары санап алышууда.
Ушундан улам «Кыргыз интеллигенциясы кайда?» деген суроо жаралат. Эмнеге алар унчукпайт? Же Кыргызстандын тагдыры, урпактардын тагдыры алар үчүн кызык эмеспи? Ырас, азыр залкар жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбековдордун көздөрү тирүү эмес. Балким, алар тирүү болсо, бүгүнкүдөй көрүнүштөргө чыдап отура албай, үн чыгарышат эле. Бирок, дагы деле уучубуз куру эмес го. Эл жазуучулары, эл акындары, эл сүрөтчүлөрү, эл артисттери, илимдин докторлору, академик, профессорлорубуз дагы деле бар эмеспи. Кимге болсо деле батасын бере берген «дүжүр» өкүлдөрүн дагы деле анда-санда сүйлөп калып жаткандарын угуп жатабыз. Бирок, алар жалпылаштырылган эле сөздөр менен акыл айтып келишет. Бизге азыр жалпылаштырылган акылдын кереги жок. Аны баарыбыз билип турабыз. Азыр бизге кыргыз интеллигенциясынын коомду оң жолго салуу үчүн ынанымдуу сунуштары, демилгелери керек. Бакырчаактарга теңелбей эле отура берели деген туура эмес. Анда андайлар эгин талаасын каптап кете турган чегирткелердей жайнап чыгат. Же Кыргызстандын келечегин ошолордун колуна биротоло тапшырып берелиби?
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн