Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргыз-казак бир туугандыгы түбөлүктүү болсун! Садыр Жапаров эки элдин достугун даңазалаган ырга суктанды

26.04.2023 09:28
561
Кыргыз-казак бир туугандыгы түбөлүктүү болсун! Садыр Жапаров эки элдин достугун даңазалаган ырга суктанды

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз-казак достугу тууралуу ырдалган ырды бөлүшүп, ага баа бергенин айтты.


"“Казак-кыргыз арасы” 

Сөзү – Кыргыз Республикасынын эл акыны 

Акбар Рыскулов. 

Обону – Казакстан эл артиси, 

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти 

Алтынбек Корозбаев. 


Мен бул ырды азыр уктум. Буга чейин уккан эмес экем. Кыргыз менен казактын жакындыгын даңазалаган бир далай эле ырларды, айтыштарды уккан элем. 

Бирок бул ыр өзгөчө ыр экен. 

Эки элдин ажырагыс бир туугандыгын, тамыры, өзөгү бир эл экендигин даңазалап ырдашыптыр. 

Сөзү кыргыздыкы болсо, обону казактыкы экен. 

Казак менен Кыргыз — илгертен бери баштарына түшкөн көп-көп кыйынчылыктарды бирге жеңип келген бир тууган эл. 


“Мен - казакпын, кыргыз ол — туусканым, 

Бирге тарткан тарланның күйысканын. 

Анамыз да кара көз бир кыз балким,

Бөлүп берген эгизге уыс нанын”, - деп казак менен кыргыздын ким экенин бир куплет ырга сыйдырып койгон казак акыны, 

эл жазуучусу Жубан Молдагалиев болгон",- деди президент.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн