Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:02
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети ачылды

02.04.2021 11:04
1358
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети ачылды


Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин ачылыш аземи өтүүдө. Бул тууралуу "Марал" радиосунан билдирди.


Буга чейин «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылып, ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан.


Былтыр декабрь айында Чек ара кызматы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын оңдоо иштери 68% бүткөнүн маалымдаган.


Мурдагы вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айткан. Ошондой эле мамлекеттин аброю көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнөн көз каранды экенин, ошол себептен жаңылоо иштерин сапаттуу жүргүзүү керектигин белгилеген.


Көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери толугу менен аяктап, өткөрүү иштери жанданат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн