Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-корей миграция маселеси талкууланды

05.08.2021 10:10
495
Кыргыз-корей миграция маселеси талкууланды

2021-жылдын 4-августунда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүү динамикасы менен канааттанып, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Пак Бён Соктун Кыргызстанга болгон расмий иш сапары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүгө жана жалпысынан кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерине жаңы дем бергендиги шексиз экендигин белгилешти.


Эки тараптуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында кыргыз-корей байланыштарын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу контуру белгиленди. Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу маанилүү экендигине басым жасашты.


А. Мадмаров элчи Ли Вонджэге жумушка орношууга уруксат берүү тутумунун (EPS) алкагында эмгек келишимдерди мурда алган КРдин жарандарынын Корея Республикасына кирүү маселесин оңунан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Кореянын элчиси бул маселе Кореядагы жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен карала тургандыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн