Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Жарлык кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн, оозеки айтуучулардын иштөө системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме “Кыргыз улуттук “Манас” театры” деп аталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн