Аяк оона 09, 2025
Убакыт: 21:42
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды

09.09.2025 16:25
34
Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды


Ставриди Руслан Болотович М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Театралдык студиясында билим алып, 1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.


Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган.


2009-2023-жылдары М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 1-категориядагы техникалык тейлөөчү кызматкери.

2023-жылдан бери М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директорунун орун басары кызматын ээлеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн