Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргыз-орус эриш-аркак жылынын алкагында Россияда маданият күнү өтөт

10.08.2021 20:25
1266
Кыргыз-орус эриш-аркак жылынын алкагында Россияда маданият күнү өтөт

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш- аркак жылынын алкагында 2021 -жылдын 12 - 14 август күндөрү Россиянын маданият күндөрү өтөт.

​ 

Маданият күндөрүнүн программасы Россия элдеринин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган иш -чаралардын комплексинен турат. 

​ 

12 -август. 

​ 

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өтөт. Ага Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашеванын фольклордук топторунун аткаруусундагы "Фольклор - Россиянын жаны" аталышындагы концерт тартууланат. Ал эми, филармониянынын фойесинде көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмө уюштурулуп, Россия Федерациясынын субъекттеринин өкүлдөрүнүн жетекчилиги астында элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар коштолот. 

​ 

13-август 

​ 

Г. Айтиев Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Россиянын руханий -маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган "Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү ачылып, ал 2021-жылдын 1-сентябрына чейин уланат. 

​ 

Ошондой эле бул күнү, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург метрополинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтүп, сахнада XX кылымдагы мыкты чыгармалар жаңырат. 


Мындан сырткары, Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган Конференция жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү жыйыны болот.

​ 

Ал эми, 14-август күнү саат 17:00дө Кант шаарында Санкт-Петербург митрополинин кызматкерлеринин хору концерт берүүсү күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн